Түркиянын батышындагы Измирдеги токойдон өрт чыгып, өрт шамалдын таасиринен улам тездик менен жайылып кетти. Бул тууралуу Yeni Asır маалымат агенттиги кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө 11 учак, 14 вертолёт, 32 өрт өчүрүү унаа, 16 суу ташуучу техника жана бир нече оор техника тартылды.
Жашоочулар коопсуз жерге эвакуацияланды. Себеби алардын турак жайларына коркунуч жаралууда.
Өрттүн электр зымдарынан келип чыккандыгы айтылууда.