"Эркин-Тоо"

ИЗМИРДИН КӨЧӨ ТАМАКТАРЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

52eada03-3b15-4161-a3db-9c5fefb7fd29
c8decc01-9283-43d6-8e03-7aa4a3dabdb1
91bd0c4b-080e-4b9e-85c3-9ea9eebe2087
a33efd5e-c2ca-4f56-87d5-70aa420c1ecd
510bf85f-699c-4d8a-a4af-d35da95d6acc
d8cd86b7-88e9-44d9-b1cd-9057ed45aa68
44b1617a-3aad-4b41-9a50-89b39a132100
d1b1d1e9-772d-479e-ae9c-362ab9e29060
52eada03-3b15-4161-a3db-9c5fefb7fd29 c8decc01-9283-43d6-8e03-7aa4a3dabdb1 91bd0c4b-080e-4b9e-85c3-9ea9eebe2087 a33efd5e-c2ca-4f56-87d5-70aa420c1ecd 510bf85f-699c-4d8a-a4af-d35da95d6acc d8cd86b7-88e9-44d9-b1cd-9057ed45aa68 44b1617a-3aad-4b41-9a50-89b39a132100 d1b1d1e9-772d-479e-ae9c-362ab9e29060

Түрк калкы тарабынан «Эгейдин бермети» катары тилге алынган Измир Түркиянын көзгө көрүнүктүү туристтик дестинацияларынын бири болуп саналат. Ошондой эле бул аймак гастро-туристтер үчүн да абдан ыңгайлуу жер. Жергиликтүү жашылча-жемиш, азык-түлүктөрдөн жасалган тамак-аштар, зайтун майына кошулган жеңил салаттар, сыр, ар түрдүү шараптар жана Эгей деңиз азыктарынан даярдалган даамдар Измир ашканасын байытып турат. Муну мене катар Измир басып жүрүп эле жеп кететурган көчө деликатастары менен да дүйнөгө белгилүү.

ИЗМИРДИН КЛАССИКАЛЫК “КУМРУСУ”

Кунжут нанынан жасалган бутерброддун Измир версиясы  «кумру» (көгүчкөн) деп аталат. Анткени бул көчө тамагынын формасы канаттууга окшош. Нокот ачыткысынан жасалган нандын арасына Измирдин тулум сыры, жашыл калемпир жана помидор салынат. Сендвичтин мындай муздак түрү Измирде 150 жылдан бери бооз жана геврек менен бирге берилип келген. Ал эми кумрунун ысык түрү 1950-жылдары пайда болуп, колбаса жана салями кошуп жасалган. Даамдуу муну менен катар тойумдуу ысык Чешме Кумрусу музадк кумрудан бир топ айырмаланып турат.

БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР “БОЙОЗ”

Измирдин дагы бир даамдуу, классикалык көчө тамага — бул «бойоз». «Бойоз» испан гастрономиясына таандык болуп, «боллос» (майда нан же боо) дегенди түшүндүрөт. Бул кондитердик азыкты Измирге 1492-жылы Испаниядан көчүп келген сефард еврейлери алып келген. Беш жүз жылдан ашык тарыхы бар «бойоз» ун, май, суу жана туз кошулган камырдан жасалат. Камыр катуу ийленип, тоголок формага келтирилип, ичи сыр же шпинат менен толтурулат. Бул Измирде классикалык эртең мененки тамак болуп эсептелет. Көбүнчө кайнатылган жумуртка менен жешет.

ИЗМИРДИН КЫТЫРАК СИМИТИ

Түркиянын көчө тамагы дегенде эң алгач симит (багел) эске түшөт. Күнжүт себилген, шакек сымал формадагы бул нанды Түркиянын бүт жеринен таба аласыз. Тоголок кесилген камыр жүзүм ширеси же болбосо сууга бир малып алынат да анан отко кактап бышырылат. Симит негизи таң эрте бир чай же каймак менен жеп кететурган жеңил тамак. Ал эми чак түш же кечкисин болсо симитти көбүнчө айран, сергитүүчү йогурт ичимдиги менен жейт. Симит Измирде бюджеттик жана вегетариандык көчө даамы «геврек» (кытырак) катары да берилет.

Кытырак симит менен кадимки симит тышкы көрүнүшүнөн бири-бирине окшош болгону менен даярдоо, бышыруу ыкмасы башкачараак болот. Симит камыр кезинде муздак шире же сууга малынып алынса, «геврек» шире кайнап жаткан казанда бышырылып андан кийин кунжут себилип, мешке коюлат. Мешке какталып бышкан геврек, бир аз муздаган соң кытырак формага келип калат.

ИЗМИР МИДИЕСИ

Мидие кабыктарынын ичине мидие, күрүч, карагат, туз жана түрдүү татымалдар салынып, үстүнө лимон суусу себилген бул экзотикалуу тамакты Түркиянын деңиз жээгиндеги бардык шаарлары, анын ичинен Измирден да таба аласыз.

КОЗУ ИЧЕГИНЕН ЖАСАЛГАН КОКОРЕЧ

Түркиянын эң популярдуу көчө тамактарынын дагы бири бул — кокореч . Кокореч кой же козунун ичегиси түрдүү деликатес, татуулар менен толутурулат. Татымал, шишкебек жана отко какталып бышырылган даамдуу тамак майда тууралып, андан кийин нандын жарымынан же төрттөн бир бөлүгүнө салынат да кардарга берилет. Измир стилиндеги кокореч болсо бир аз башкачараак даярдалат. Измирликтер кокоречтин даамын толук сезүү үчүн помидор менен жыпар жыттуу заттарды калтырып коёт. Мындан тышкары, шишкебек така сыяктуу формада кесилип, андан кийин чоң-чоң кылып тууралат.

 

 

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!