"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Израиль «вакциналык дипломатиядан» баш тартты

Израиль буга чейин 19 өлкөгө коронавируска каршы Moderna вакцинасын чакан өлчөмдө берээрин билдирген эле жана бул кадамды премьер-министр Биньямин Нетаньяху “вакциналык дипломатия” деп атаган. Израиль эми бул программаны токтотту деп өлкөнүн коргоо министри Бенни Ганц айткандыгын Reuters агенттиги маалымдады. Буга башкы прокурор Авихий Мандельблит вакцинанын чет өлкөлөргө берилип жатышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү демилгелегендиги себеп болду.


tor -->