Израилдеги кагылышууда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
«Элчилик Израил тарап менен байланышта, кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатат, өлкөдөгү кыргызстандыктардан кабар алууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик мекендештерге тирешүү жүрүп жаткан жерге барбай турууну эскертип, зарылдык жаралса +90 54-56-89-68-00 телефону аркылуу байланышка чыгуу керектигин белгиледи.