Күйүүчү майлоочу майлардын ар бир литринен 1 сомдон алуу электромобилдерге жана газ менен жүргөн унааларга тиешелүү эмес. Бул тууралуу Жол фондунун анализ жана пландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Сардар Жороев билдирди. Анын айтымында, төлөм бензиндин бардык түрүнөн жана дизелдик отундан алынат. Эске салсак, Кыргызстанда транспорт салыгы жоюлуп, анын ордуна бензин жана дизель майынын ар бир литрине кошумча 1 сомдон төлөм алынат. Түшкөн каражат жолдорду оңдоого, салууга жана реконструкциялоого жумшалат.