"Эркин-Тоо"

Күнөөгө баткан ЮСАИД

АКШнын Президенти Дональд Трамптын  АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД)  ишмердүүлүгү боюнча сын көз карашы быйыл эле жарала калган жок. Ал мурунку президенттик мөөнөтүндө аталган агенттиктин бюджетин кыскартуу боюнча маселе көтүрүп келгени маалым. Американын лидери АКШнын ЮСАИДди реформалоо боюнча чечими акыркы чечим экенин, ал жакта болуп көрбөгөндөй деңгээлде коррупция болгонун айтып, бул сапар аталган уюмду жоюудан башка жол жоктугун баса белгиледи. Агенттикти АКШнын кызыкчылыгына туура келбеген долбоорлорду жана программаларды каржылоо аркылуу акчаны “жеген” кылмыштуу уюм катары сыпатташты. Кошумчалай кетсек, Илон Маск ЮСАИДди биологиялык куралды иштеп чыгууну, анын ичинде миллиондогон адам каза болгон COVID-19 вирусунун пайда болушун каржылаган деп айыптады. Крипто-ишкер Марио Нафаль Х социалдык түйүнүнө билдирген маалыматында,  ЮСАИДдин мурдагы башчысы Саманта Пауэр жылына 180 миң доллар айлык алып жүрсө, анын байлыгы үч жылдын ичинде  кантип 23,3 миллион долларга көбөйдү? деген суроону койду.  ЮСАИДдин  Вашингтондо жайгашкан штаб-квартирасы Америка администрациясынын чечими менен жабылганын Fox News телеканалы кабарлады. Миллиардер Илон Маск жетектеген Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаменти (DOGE) агенттиктин купуя маалыматтарды камтыган бардык компьютердик системаларын көзөмөлгө алды. Айтор, ЮСАИДди жоюу чаралары  дүйнө коомчулугунун назарындагы окуяга айланды.

Албетте, мындай шартта ЮСАИД Кыргызстанда эмне иш жасады экен? деген собол жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, айрым бир маалыматтар боюнча ой бөлүшөлү. Ушул жылдын 1-февралында эле ЮСАИДдин биздин өлкөбүздөгү өкүлчүлүгүнүн расмий сайты иштебей калганын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Мындай көрүнүш эл аралык колдоо көрсөтүүчү, анын ичинде Кыргызстанда ишке ашырылуучу программаларга кедергисин тийгизерин билдиришкен.

ЮСАИД Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономика жана демократияны өнүктүрүү жаатындагы ар кандай долбоорлорго жүз миңдеген доллар сарптап келиптир. “АКШнын Конгрессинин 2025-жылга  бюджетинин негиздемеси” документинде 2015-жылдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы суммасы 195 миллион доллардан ашкан 25тен ашык ЮСАИДдин программасы иштегенин, учурда 132,8 млн сомдук 11 долбоор ишке ашырылып жатканы маалымдалат. Жалпысынан, жогоруда аталган ресурста жарыяланган маалыматтарга ылайык, ЮСАИД 20 жыл ичинде Кыргызстандагы программаларды каржылоо үчүн 724 миллион доллар жумшалганын жазышкан.

Эгерде аталган агенттик 1961-жылдары СССР менен АКШнын ортосундагы куралдуу тирешүүнүн учурунда уюшулгандыгына караганда, анын максаты экономикалык, социалдык жактан эле колдоо болбогонун кийинки тарых ырастап келатат. Анын бир мисалын жогоруда Илон Масктын сөзү далилдеп турат. Же болбосо 2009-жылдары  ЮСАИД медициналык жана коомдук чөйрөдө кызматташуу программаларына катышуу деген шылтоо менен жаш латин-америкалыктарды Кубанын өкмөтүнө каршы жашыруун иштөөгө жөнөткөнүнүн бети ачылып калганын учурунда Associated Press маалымат агенттиги жазып чыккан. Андан башка  Коста-Рикадан келген тыңчылар ВИЧке каршы күрөшүү борборун түзүшүп, ал жерде саясий активисттердин башын айландырышып, өзүнө тартканы жөнүндө маалымат тараган. Мында да ЮСАИДдин “кулагы” көрүнгөн. Мындай фактыларды иликтей келсек, кагаз бети чак келбестир. Аталган агенттик буга чейинки Украина, Грузия, Кыргызстанда болуп өткөн “кызыл-тазыл” революциялардын “көмүскө” колдоочусу  болгонун саясый эксперттер айтып келишет.

Маалыматтарга көз жүгүртсөк, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ЮСАИД тарабынан көп каржы алган өлкөлөрдүн сап башында турат экен. Алар  медиа долбоорлорго жана медиа каражаттарына өзгөчө көңүл буруп, керек болсо редакциялык саясатка таасирин тийгизген учурлары кездешет.  Маселен, ЮСАИДдин 2017–2020-жылдардын аралыгындагы “Медиа-К” долбоорунун алкагында 6,5 млн доллар бөлүнүп, Медиа полис институту, НТС, TV1KG, Клооп Медиа, Медиа Кактус, Политклиника, Салам Радио, 24kg, Говори ТВ, МаралТВ, Элгезит, Любимый ТВ маалымат каражаттары каржыланганын билдиришет. Жогоруда аталган документтеги фактыларга таянсак, ЮСАИДдин программаларды каржылоо булагынын көлөмү 2023-жылдан азайып келиптир.  Бирок, Кыргызстанда жарандык коомду колдоо бюджети өзгөрбөй, 2023-жылы уюм 4 миллион доллар бөлсө, быйыл дагы ушунча суммадагы акча бөлүнмөк болгон.  Эң кызык жери 2025-жылы “көз карандысыз маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине” жумшалган каражаттар 2023-жылга салыштырмалуу 2,3 миллион доллардан 3 миллион долларга чейин көбөйгөн.

ЮСАИД өлкөнүн маанилүү тармактарына колдоо көрсөтүп келаткан турбайбы деген пикирлер болушу мүмкүн. “Бекер сыр капканда гана болот” демекчи, сырттан келген жардамдын шартын  иликтей турган учурга келдик десем болот. Маселен, алар саламаттыкты сактоо, гендердик саясат, же кыз-келиндердин ишкерлигин колдоо боюнча активдүү киришип, жылаңач аялзатынын музейде подиумга чыгышы, ЛГБТны жайылтуу, алардын укугун коргоо, же болбосо, “Мен чай куйбайм, “Мен төрөбөйм”, “Мен күйөөгө тийбейм” деген жана башка биздин улуттун кулк-мүнөзүнө, баалуулуктарына туура келбеген сыяктуу жүрүштөрдү жасоо коомду дүрбөлөңгө салары талашсыз.  Билим берүү тармагына жардам беримиш болуп, тарыхыбызды бурмалаган, улуттар аралык нааразычылыкты жараткан пикирлерди жараткан китептерди чыгарып жибериши тымызын кайраштырууга түртөрү бышык.

АКШнын бийлиги ушуну менен ЮСАИДди түп тамыры менен жок кылат дегенге болбойт. Көзөмөлдү күчөтүп, реформа жасашы мүмкүн. Бирок, чет жактан келген өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө сын көз караш менен карап, алардын жетегинде калбай өз алдыбызча улуттун,  мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүүнү көздөгөн максатыбызга    өкмөттүк эмес уюмдар, ММКлар жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзамдар өзүнүн натыйжасын берет деген үмүттөбүз.

 

                                                                                                                       Шекербек Калыков

 

Пример HTML-страницы