5-апрель күнү саат 7:18де Бишкек шаарынын Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде кызды үч адам күч менен унаага салып кеткен видео тездик менен маалымат булактарында жана социалдык тармактарда тараган. Милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү ошол эле күнү саат 7:20да түшкөн. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бара жаткандардын бири да эч кандай реакция жасашкан эмес. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.
Ошондон бери бери дайынсыз болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү кечээ 7-апрель күнү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.
Бул билдирүү 7-апрелде саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түшүп, Биринчи май районунда жаш кызды топ жигиттер күч менен алып кеткенден кийин изделип жаткан «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү унаа ошол жерден табылган. Унааны жана анын ичиндеги кыз менен жигиттин жансыз денелерин көргөн жергиликтүү тургун милицияга кабарлаган. Унааны ал талаадан 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок унаа баткакка тыгылып калган деп ойлоп, анча маани бербегенин билдирген.
Бишкек милициясы кабарлагандай, уурдоого шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.
Кечээ Бишкектин криминалдык милициясы кызды уурдоого шек саналгандардын бирөө кармалып, калгандары изделүүдө.
Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалууда.