Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь күнү саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Күн мурун өлкөнүн түндүк жана түштүк аймагында 2 ирет жер силкинүү болгон.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ кечинде жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу пункттар — Чарбак жана Көк-Алма айылдарында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген.