Бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал болорун билдирди. Маалыматка ылайык, күндүн биринчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, катуу шамал болушу күтүлөт. Ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат.