Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов тергөө абагынан сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелген Ахрор Иминовдун бөгөт чарасын өзгөрүп, ал сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан чыгарылды.
Эскерте кетсек, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.