"Эркин-Тоо"

Күзөт кызматынын 57 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 57 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

ИИМдин Күзөт кызматынын 57 жылдыгына карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерин төш белгилер, Ардак грамоталар менен сыйлашты.
ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Дамирбек Исаков Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлерине төш белгилерин тагып жатып, алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Күзөт кызматында талыкпай кызмат өтөгөн жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, иштериңерге ийгиликтерди каалайм!”,- деп куттуктады Д.Исаков.

Ошондой эле, Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлери өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырды.
Мындан тышкары ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында сыйлоо аземи болуп, анда эмгеги сиңген кызматкерлерге атайын медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!