"Эркин-Тоо"

Күз-кыш мезгилине 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергия керектелет

Кыргызстан быйыл күз-кыш мезгилине 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат, Казакстан менен Россиядан ушундай эле көлөмдө, ал эми Өзбекстандан 500 млн кВт/саат электр жарыгы сатып алынат. Жалпысынан 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергия импорттолот. Калган керектөө өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы менен жабылат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!