Адатта, эл-журтка ар ким эле таанылып, көпчүлүктүн оозуна алына бербейт. Бул сапар үлгүлүү эмгеги менен элдин эсинде калган Калкан Керималиевдин бейнесине журналисттик үн берүүнүн удулу келгендиктен, таланттуу педагогдун элесин эскердик.
Калкан Керималиев 1930-жылдын 27-январында Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. 1936-жылы мектеп босогосун аттап, ошол кездеги Кызыл-Туу сегиз жылдык, Кара-Суу, №1 Ленин орто мектептеринен орто билим алган. Мектепти бүткөндөн кийин алгачкы эмгек жолун “Пограничник” 7 жылдык мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1948-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине кирип, 1952-жылы аталган университеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү деген наам менен окуу жайды аяктаган. Окууну бүткөн жаш кадр андан соң Ат-Башы районуна жолдомо менен ишке орношот. 1952–1990-жылдары Ат-Башы өрөөнүндөгү бир катар мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп эмгектенип, 1990-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Өмүрүн агартууга арнаган таланттуу педагог 1945-жылдан тарта мугалимдик ишине удаа чыгармачылык түйшүктүү сапар менен алектенип келген. Анын калемине таандык ырлары, аңгемелери менен макалалары өз кезегинде республикалык мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланып турган. Калемгерлик чыйырынын аркасында 1952-жылдан тарта Кыргыз ССР журналисттер союзунун мүчөсү, 1996-жылдан бери Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, ал эми 2004-жылдан бери КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Анын күжүрмөн эмгеги Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши менен Эл агартуу жана маданият министрлиги тарабынан жогору бааланып, тармактын Ардак Грамоталары, бир канча медалдары менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги төш белгисинин ээси болгон каарманыбыз 2006-жылы КР маданият ишмерлер Ассамблеясынын мүчөлүгүнө кабыл алынган. Дал ушул Ассамблеянын атынан А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болууга жетишкен. Калемгер Калкан Керималиев мындан тышкары көркөм чыгармаларынын ичинен “Кан Кошой” дастаны үчүн Т.Сыдыкбеков атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Эл калыс! Анын агартуучулук майдандагы ат көтөргүс зор эмгегин жердештери жерде калтырышкан эмес. 2000-жылдын 24-июнунда Ат-Башы райондук кеңешинин депутаттарынын III сессиясында Кара-Коюн айылдык кеңешинин чечими, Кызыл-Туу орто мектебинин эмгек жамаатынын кайрылуусу жана жалпы эмгек жамааттын чогулушунун токтомунун негизинде өзү окуп билим алган, кийин эмгектенип, директор болгон Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу орто мектебине Калкан Керималиевдин ысымы ыйгарылган. Анын жарым кылымдан ашык өрнөктүү өмүрү педагогикалык иштер менен жаштарды тарбиялоого жана адабий-чыгармачылык иштерге жумшалды.
Табиятынан эмгек кылуудан рахат алган каарманыбыз ардактуу эс алуу учурунда тыным алып жатып албастан, талыкпай эмгектенүүнүн, чыгармачылык изденүүнүн үстүндө алпурушкан. Анын калемине таандык чыгармалар кыргыз адабиятынан өз ордун тапкандыгы окурман журтуна белгилүү. Өзгөчө “Алп манасчы Келдибек”, “Кан Кошой”, “Жаңыл Мырза”, “Көч-көчтүн көк дөбөтү”, “Асык кыргыздарынын эл агартуучу устаттары”, “Чоко Баатыр”, “Кызалак Бий” баштаган көптөгөн чыгармалары окурмандар тарабынан өз ордун тапкан.
Ат-Башы району менен Нарын облусунун Ардактуу атуулу болуп, жердештеринин арасында опол тоодой кадыр күткөн Калкан Керималиев 2016-жылы 86 жаш курагында бу жарыкчылыктан узап кеткен. Акын, жазуучу, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Калкан Керималиевдин басмадан, жалпы эле мезгилдүү басма сөз беттерине алтымыштан ашуун эмгектери жарыяланса, “Кара Бала, Жалжал кыз” дастаны, “Кызалак Аке” чыгармасы, “Ырлар жыйнагы” азыркы учурда басмага даярдалган чагы. Өз кезегинде Калкан Керималиевдин чыгармалары жөнүндө республикалык “Кут Билим”, “Кыргыз Туусу”, “Заман Кыргызстан”, “Аалам” гезити баштаган мезгилдүү басма сөздө жакшы ой-пикирлер жазылган. Анын чыгармачылыгы астында жарык көргөн эмгектери республиканын китепканаларында өзүнүн көрүнүктүү ордун таап, окурмандардын сыйына ээ болгондугун кеп кезеги келип турганда баса белгилеп айтып коюш абзел.
Он баланын ардактуу атасы болгон каарманыбыз балдарынын бардыгын жогорку билимге ээ кылган. Анын күжүрмөн эмгек жолун балдары да татыктуу аркалашып, алды илимдин докторлугуна чейин жетип, «Атанын уулу» деген бийик атты татыктуу аркалап келе жатышкан чактары.
Калыгул Бейшекеев