"Эркин-Тоо"

“Көк-Арт” туннелин казуу иштери аяктады

Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» туннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, узундугу 3890 метрди түзгөн туннелдин түндүк жана түштүк жагынан казылышы  аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.

«Бул туннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда. Туннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Туннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр, бийиктиги 8,5 метрди түзөт», — деп жазылган маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун баасы 136 млн долларды түзөт, аны толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.