Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча биринчи Дүйнө кубогунда «Ынтымак» командасы жеңишке жетти.
Финалда Кыргызстан Казакстандын командасы «Астана» менен ойноп, 10:1 эсебинде утту.
Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышып, жалпысынан 8 өлкөдөн 12 команда ойноду.