Көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Бул тууралуу КР Көк-бөрү федерациясынан билдиришти.
Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилди.
Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес.
Белгилей кетсек, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.