Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору болгон көчмөндөр оюндары алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алып, 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген. Казак тарап быйыл Астанада 8-14-сентябрда өтөөрү жана спорттук мелдештердин түрлөрүнүн тизмеси белгилүү болду. Бирок, тилекке каршы кыргыздын улуттук оюндары Көчмөндөр оюндарына негиз болот деген изги тилек, үмүт акталбай, казак тарап Көк бөрүнү мелдештин оюндарына кошкон жок. Бул кыргыз коомчулугунунун нааразычылыгын жаратууда. Биз бул боюнча Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиевге кайрылып, жооп алдык.
— Рамис мырза, сиз федерациянын башына келгениңизге аз гана убакыт өттү. Бирок, бул тармак сизге чоочун эмес. Ишти эмнеден баштаңыз, дегеле кандай көйгөйлөр бар, улуттук оюнубузду дагы да өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
— Ооба, сиз айткандай эле Көк бөрү федерациясына жетекчи болуп келгениме 4 айдын жүзү болду. Ага чейин команда жетектеп, оюнчу болсом, акыркы эки жылдан бери орун басар болуп иштеп жаткам. Айтор Көк бөрү оюнуна 20 жылга жакын убакыттан бери аралашып жүрөм. Бул тармакта аткара турчу, жасала турган иштер арбын. Төрт айдын жыйынтыгын чыгарып ушул айдын аягында конференция берели деп турабыз. Алгачкылардан болуп Көк бөрү федерациясынын электрондук сайтын жасадык. Анда Көк бөрүнүн акыркы 10 жылдагы тарыхы камтылды. Андан сырткары мында Көк бөрүгө тиешелүү оюнчулар, жетекчилер, машыктыруучулар, саяпкерлер туурасында болгон маалыматты ошол жерден тапса болот. Албетте улуттук оюнду эл аралык деңгээлге чыгаруу жагынан да иш алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө балдарыбыз Россияга барып тай казандарды жасап жатышат. Себеби, ал жактагы 18 субъектиде биздин Көк бөрү федерациясы ачылган. Андан сырткары бөлөк мамлекеттерде дагы ушундай бир катар иштер жүрүп жатат. Буюрса биздин пландарыбыз көп. Көк бөрүнү жаңы деңгээлге чыгаралы деген максаттарыбыз бар. Быйыл өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргызстан боюнча бардык облустарды кыдырып, райондор аралык чемпионат өткөрдүк. Бишкектен Лейлекке чейин бардык. Бул жагы Каракол тигил жагы Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарынга чейин барып, оюндарды өткөрдүк. Бардык облустарды тең кыдырып чыктык. Анын бардыгын түз эфирден “Көк бөрү” расмий ютуб каналыбыздан көрсөтүп жаттык.
— V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда Астанада өтө турганы белгилүү болуп, бирок ага Көк бөрү оюну кошулбаганы маалым болду. Ага кыргызстандыктар нааразычылыгын билдиришти. Буга чейинки 4 жолку Көчмөндөр оюндарында ойнолуп келип, бул жолу эмнеге кошулбай калды? Сиздер тараптан кандай аракеттер болуп жатат?
— Ооба, быйылкы Көчмөндөр оюну Астана шаарында өтөт. Өзүңүз айткандай буга чейин төрт көчмөндөр оюну өткөн. Баарыңыздарга белгилүү болгондой үчөө Кыргызстанда, бирөө Түркияда болуп, баарында тең Көк бөрү оюну ойнолгон. Өкүнүчтүүсү мында казак туугандар тизмеге киргизишкен жок. Бирок, 14-февраль күнү федерациянын расмий делегациясы менен Астанага барып, Көкпар федерациясынын жетекчиси Бауржан ага менен жана Улуттук дирекциянын жетекчиси Бакдөөлөт мырза менен жолугуп, сүйлөшүп келдик. Буюрса ушул Көчмөндөр оюнуна Көк бөрүнү тизмеге кошуу боюнча иш алып барып жатабыз. Март айынын башында Казакстандан делегация келмей болду. Ошондо да алар менен биргеликте бул ишти чечип, кызматташуу боюнча меморандумга кол коебуз. Буюрса бардыгы жакшы болот. 5-дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Көк бөрү кирет деген ойдомун.
— Дегеле Көчмөндөр оюнуна даярдыктарыңыздар кандай болууда? Себеби, буга чейин Көк бөрү боюнча да, Көкпар боюнча да командаларды даярдап бара тургандыгыңыздарды билдирдиңиздер?
— Алгач көчмөндөр оююнуна Көк бөрүбүздү киргизип алсак, андан кийин даярдыктарды көрөбүз. Негизи биз даяр эле болчубуз. Себеби, балдар кышы бою машыгып чыгышты. Расмий оюндар апрель-май айларында өткөрүлөт. Ошондон кийин курама команда түптөп, даярдык көрүп баштайбыз. Эң өкүнүчтүүсү биз кыргыздар көчмөндөр оюнунунун автору болуп туруп, кайра Көк бөрүнү, кыргыз күрөшүн тизмеге киргизип койгула деп суранып калганыбыз болууда. Эгер тизмеге кошулуп калса, Көкпардан эки, Көк бөрүдөн эки команда алып барып, Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиреткенге даярбыз.
— Чон ат майдан салуу тууралуу да иштер жүруп жатканын угуп калдык, өз оозуңуздан уксак?..
— Кудай буюрса мамлекет тарабынан заманбап спорт комплекс салынганы жатат. Ичинде ар бир облустун базасында ат сарайлар, үстү жабык ат манежи, этно стилде боз үй тибинде конференц зал болот. 1650 орунду машина кое турган жери бар. Улуттук оюндун тарыхын камтыган Көк бөрүнүн музейи да салынат. Комплекстин аянты 220 гектар жерди ээлеп, шаар сыртында тагыраагы Военно-Антоновкада жайгашкан. Аянты абдан чоң. Салыштырып айтканда азыркы борбор калаабыздан төрт эсе чоң аянтта болот. Комплекстин аянтынын 40 пайызы парк, сквер болот деп пландап жатабыз. Анан ошол комплекстин ичинде колизей формасында чоң ат майдан курулат. Биз болсо ат майдандын долбоорун бердик. Көк бөрүгө өзүнчө, ат чабышка өзүнчө салынмай болду. Колизейдин узундугу 200 метр болсо, туурасы 70 метр болот. Жарыктандыруусун мыктылап алып, түнкүсүн да оюндарды өткөрүп турсак болот. Инвесторлор менен сүйлөшүп жатабыз. Эгерде ошол колизей биз ойлогондой салына турган болсо, Көк бөрүнү дагы бир нече деңгээлге алдыга чыгарып, башка мамлекеттер суктана тургандай оюндарды кылабыз. Айтор ушундай бир жакшы иштин үстүндө иштеп жатабыз. Бул биз үчүн абдан зарыл болуп турат. Айтор бизге келген ар бир турист мында келип, улуттук оюндарыбызды көрүп, музейге келип, тарыхы менен таанышып чыга алат. Кыргызстанга келген ар бир турист сөзсүз турдө ошол биздин колизейге барып, биздин улуттук оюндарды көрүп кеткендей шарттарды түзөбүз. Айтор жасай турган жакшы иштерибиз абдан көп. Биз болсо аны ишке ашыруу үчүн бардык жактан болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 27-февралы