"Эркин-Тоо"

Көк-Ойроктой көркөм жер барбы…

Кемин районундагы Көк-Ойрок айыл өкмөтүнун Кайыңды айылына болгон иш сапарыбызда бир катар жакшы саамалыктарга күбө болдук.

Айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин айрым жигердүү депутаттарынын демилгелүү иш-аракеттери — айылдын ички инфраструктурасын жакшыртууда бир топ алгылыктуу жыйынтыктарды берген. Өтүп бараткан жылы ишке ашырылган долбоорлор, иш-аракеттер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрбек Абдыкадыров менен маектешип, аткарылган иштерди жеринен көрүп кайттык.

Учурда Кайыңды айылында таза суу долбоорун ишке ашыруу АРИС тарабынан аткарылып жатат. Долбоордун жалпы баасы  33 740,0 сомду түзгөн. Суу киргизүү боюнча иштердин 70 пайызы бүтүп, долбоорду ишке ашыруу улантылып жатат. Долбоор 2023-жылы толук бүтүп, айыл эли таза суу менен камсыз болмокчу. Андан сырткары бала-бакча аянтчаларын куруу боюнча “Кемин райондук ɵнүктүрүү” фонду тарабынан 3,1 млн.сом бɵлүнүп колдонууга берилген. Азыркы күндɵ ал бала бакчада 120 бала тарбияланып, жаңы 24 жумушчу орун түзүлгөн. Аалы Токомбаев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын которуу боюнча республикалык бюджеттен 1 472,0 сом жана “Кемин райондук ɵнүктүрүү”фондунан “2070,0 сом жалпысы 3542,0 сом бɵлүнгөн. Мектептин жылуулук системасы толугу менен которулуп, азыркы күндɵ иштеп жатат.

Элдин саламаттыгына, жашоо ыңгайына кам көрүү да унутта калбай, таза суу маселесине көңүл бурулуп, Карал-Дɵбɵ айылынын Карал-Дɵбɵ кɵчɵсүнɵ 2 км аралыктан таза суу киргизүү иштери “Кемин райондук ɵнүктүрүү” фонду тарабынан каржыланып, 1128,0 сомго суу киргизүү жумуштары аткарылган. Азыркы күндɵ суу киргизүү иштери толугу менен бүтүп, ар бир үйдɵ таза суу чыгып жатат. Карал-Дɵбɵ орто мектебинин спорт залынын полун, эшигинин алдына брусчатка тɵшɵɵ, тосмолорун жаңыртуу боюнча республикалык бюджеттен 1288,3 сом жана “Кемин райондук ɵнүктүрүү”фондунан “ 1420,1 сом жалпысы 2708,4 сомго тендер ɵткɵзүлгөн. Азыркы күндɵ брусчатка тɵшɵлүп бүттү. Мектептин тосмосу салынып, спорт залынын полун  которуу иштери  аткарылган.

Айыл элинин негизги киреше булагынын орчундуу бөлүгүн түзгөн элдин мал чарбачылыгын жүргүзүүсүн жеңилдетүү жолго коюла баштады. Жайытка баруучу  жолдорду оңдоо иштерине айыл ɵкмɵтү тарабынан 120 000 сом бөлүнүп, Кɵк-Ойрок жайлоосуна баруучу жолдор да талапка ылайык оңдолгон. Жолду оңдоодо айыл тургундарынын   жардамы менен шагыл тɵгүлүп, ДЭП-32 ишканасынын грейдери менен тɵгүлгɵн шагылдарды түздɵɵ иштери жүргүзүлгөн. Андан тышкары Шабдан жана Тегирменти айылдарынын аралыгындагы жолго республикалык бюджеттен бөлүнгөн  11млн. сомго асфальт тɵшɵлгөн.

Иш сапарыбыздын алкагында айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте жеке эле мамлекеттик бюджетти карап олтурбай, ар кандай эл аралык уюмдар менен да тыгыз иштешип, элдин жашоо-шартын жакшыртуунун камын көрүп жатканына күбө болдук. Мына ушундай самаалыктардын бири -“Катар” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Кайыңды айылынын тургуну, социалдык колдоого муктаж Абдырахмановага жаңы үй салынган. үй салып берген “Катар” кайрымдуулук фондунун директору Фирас Аль Хасауна да келип, Тынаргүл айымдын кубанычына ортоктош болду. Андан сырткары айыл аксакалдары, айыл өкмөтүнүн бир катар кызматкерлери жана үйдү курууда демилгечи топтун башында турган жергиликтүү кеңештин депутаттары келишкен. Үйдүн курулушу 2023-жылдын май айында башталып, үч ай аралыгында бардык шарты менен толук бүткөрүлүп берилген. Айыл өкмөтү Тынаргүл айымдын жаңы үйүнө салым катары 140 миң сомго турмуш-тиричилик жабдууларын сатып берген. “Катар”кайрымдуулук фонду буга чейин да Кайыңды айылына өз каржылоосу менен  6,5 млн. сомго жаңы   мечит жана 2,4 млн. сомго Тегирменти айылына куран окуу борборун куруп берген.


Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрбек
Абдыкадыров менен “Катар” кайрымдуулук
фондунун директору Фирас Аль Хасауна

 

Жергиликтүү кеңештин депутаты жана демилгелүү топтун башында турган Азамат АБЛАСОВ: “ Негизи “Катар” кайрымдуулук фондунун Кайыңды айылындагы алгачкы иши мечит салып берүүдөн башталган. Мына ошол мечиттин ачылышында социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштурууну сунуштадык. Мечиттин ачылыш салтанатында элге жардам таратуу менен биргеликте, уюмдун кишилери демилге көтөрүп, эки үй бүлөгө зыярат жасоону чечишти. Биз Тынаркүл апанын үйүн жана дагы бир үйдү сунуштадык. Жыйынтыгында Кудайдын буйругу менен Тынаркүл апабыз минтип үйлүү болуп олтурат. Эми ушул эле уюмдун жардамы менен айылыбызда бош турган имаратты оңдоо-түзөөдөн өткөрүп, тигүү цехин ачып, жумуш орундарын түзсөкпү деген оюбуз бар. Андан сырткары, айылыбыздагы Жаштар комитети өз демилгелери менен дайыма аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам берип турушат. Буга чейин да 2022-жылы Аалы Токомбаев атындагы орто мектебин он жыл мурун аяктаган жаштар демилгелеп айлыбыздын кире беришине арка курулган. Андан кийин бул жакшы саамалыкты быйыл мектепти бүтүргөндөрүнө он жыл болгон жаштар да улады. Алар  социалдык жактан колдоого муктаж болгон Динара аттуу апага үй салып беришти. Айыл тургундарынын жашоо-шартын оңдоодо көптөгөн ой-максаттарыбыз бар” дейт.

Тоо койнунда жайгашкан чакан айылда жакшы иштер ишке ашып жатканын көрүп кубанып кайттык.

 

 

                                                           Махабат САИДРАХМАНОВА

№99 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 15-декабры

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!