"Эркин-Тоо"

КӨК ЖАЛДЫН ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЭРДИГИ

Кыргыз элибиздин карт тарыхында эли-жерин сырткы душмандардан коргогон эр азаматтары, баатырлары көп болгон. Миңдеген жылдарды карыткан басып өткөн жолубузда эрдиги менен эл сыймыгына айланган чыгаан уулдарыбызды эскерип, аларды коомго таанытуу кийинки муундун парзы деп эсептейбиз.

Мына ошондой инсандардын бири — Солто элинен чыккан Жаманкара Чоткара уулу. Бизге жеткен маалыматтарга караганда ал туурасында элдик санжыраларда, Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» (1993- ж.) эмгегинде, анан көркөм адабиятта Жаманкаранын образы Абдылашым Смайыл уулунун «Жаманкара» аттуу дастанында Жаманкара баатырдын казак-кыргыз кагылыштарында көрсөткөн эрдиктери, аш-тойлордо сайышка түшкөндөрү чагылдырылып, тарыхый рухий казынабызды толуктап келет.

Жаманкара 1823-жылы азыркы Аламүдүн районуна караштуу Ак-Дөбө айлында Солтонун Каракчы уруусунун ичиндеги Бүтөштүн уулу Түлөкабылдан тараган Чоткара баатырдын үйүндө төрөлгөн. Элдин бактысына жаралган баатырдын жарык дүйнөгө келгени өзгөчө көрүнүштөр менен белгиленген. Болочок баатырдын энеси Тыта жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Жолдошу Чоткара атып келген жолборстун жүрөгүн жеп, талгагы канып, адамдан башкача белгиси бар, аркасында кулун жалдуу түгү бар бала төрөлөт.

Баатырдын атасынын көзү өткөндөн кийин балалыгы оор күндөргө туш келет. Бир караганда бул бөлүмдө сүрөттөлүп жаткан окуя «Семетей» эпосундагы Каныкей менен Семетейдин Таластан Букарга көчкөн тарыхына окшошуп кетет. Чоткара жарык дүйнө менен коштошоор алдында: «…жаман айтпай, жакшы жок, көзүм өтсө, төркүнүңө уулуңду жетелеп кет» деп керээзин айтат. Күйөөсү өлгөндөн кийин Каныкейдин «кейпин» кийген Тыта эне баласын алып, төркүнүнө качат. Ошентип, Жаманкаранын балалыгы Кочкор жергесинде, таякелеринде өтөт.

“Оозунан чыккан жели түтүн болуп,
Оолугат алышсам деп күчү толуп.
Оң ийни, сол ийнине карап көрсөң,
Олчоюп отургандай бүркүт конуп.
Оролуп кементайга уктап жатса,
Ойготуу кыйын болот түртүп коюп…” — деп дастанда сүрөттөгөндөй, Жаманкара барган сайын күчкө толуп, балбан болуп өсүп, эл оозуна бат алынат. Бирок ошондой болсо да, өзүнүн күчүнө мактанбай мүнөзү жумшак, элпек, эч жанга бөөдө зыяны жок, элдин намысы үчүн жанын берген адам болуп чоңоет. Аштойлордо сайыштарга түшүп, эл оозунда айтылып жүргөн эрдиктерин көрсөтө баштайт. Ошондой кыргыз-казак катышкан чоң тойлордун биринде, казак баатыры Шоорук менен сайышка чыгып жеңген.

Жаманкара баатыр 1845–1847-жылдарда Кыргыз жерин баскынчылардан коргоодо кажыбас кайраты, адам баласында болуп көрбөгөндөй эрдиги менен бүт түрк, орусту, кыргыз, казакты таң калтырып, кыргыз тарыхында өлбөс-өчпөс эрдиктери менен эсте калган. Адеп Кенесары басып келгенде Жаманкара баатыр элди уюштуруп, көпкө чейин жоону өткөрбөй каршылык көрсөтүп, Кыргыз жернин коргоп турган. Колуна кылыч албай, кош тутамдай беш-алты кулач союлу менен шилтегенде жоонун бир нечесин Кордойдун куурайындай жапыра чаап турган экен. Айылына кол салган жоону киргизбей, кубалап Мазарлуу Карасууда жүрүп жаткан былчылдашкан кызыл кыргынга жардамга жетип келишкен. Ал жерден жоо качканда Кудаймендинин «жеңилбес» аскерин талкалоого катышкан.

XIX кылымдын отузунчу жылдарынан тартып Жаманкара баатыр жоонун жүрөгүнө тийип, андан улам аттын кашкасындай таанымал болгон экен. Өзүнүн өмүрүндө он беш жолу жоого түшөт да Жаманкара баатыр бир жолу да аттан ыргыта сайылып, бир жолу да жоодон чегинип качпаган, дайыма жоону кууп чыгып качырганын тарыхый басылмалар тастыктап келет.

Ал кезде азыркы Чүй дарыясынын бою Баястан (азыркы Бирлик), Ак-Дөбө (азыркы Кайырма), Алга (азыркы Жергазар), Борочор (азыркы Мыкан) айылдарынын айланасы кара – суу, сормо – саз, учу-кыйыры көз жетпеген сары камыш токой болуп, анда ач арстан, жорткон жолборстор, көк жал карышкырлар мекендешчү экен. Ошондо ай тамгалуу эр Солтонун мен деген баатырлары жолборско ууга чыгышып, күчтөрүн сынап тамаша курушчу экен. Жаманкаранын жылан менен арбашканы, кара курт чакканда көрсөткөн эрдиги, денесинин башынан бутуна чейин жара болгону, камыш арасынан жолборс өлтүргөнү аңыз кеп болуп айтылып келет. Кенесарынын экинчи чабуулу ийгиликсиз аяктап, Калыгул чечен элчиликке барып, тынчтык келишимине макулдашып келгенден кийин, Кенесары келишимди бузуп, өткөн согушта өзгөчө эрдиги менен таанылган Солтонун тандалма баатыры Жаманкараны 12 баатыры менен өзүнө тартыш үчүн алдап конокко чакыртып, колго түшүрөт. Бул жөнүндө Ормон Хандын 1847-жылы октябрда Сибирь казактарынын чек аралык начальниги, генерал-майор Вишневскийге жазган катында мындай деп айтылат: «Чапрашты уругунан Саврук-кочька (Шоорук – Ө.Т.) биздин он эки кишини элчилик сыпатында чакырып алып, аларды Кенесарыга өлтүрүүгө өткөрүп берди. Алардын ичинен башчысы Жаманкара Баатыр аталган, бөлөгү – Бердикожонун уулу Болот баатыр эле. (Шоорук – Ө.Т.) Кенесары менен бирге жортуул жасап, өлтүрүлгөндөр үчүн кун төлөп бизди канааттандыра элек»… Кенесары Жаманкараны өзүнө тартууга кылган аракеттери ишке ашпагандан кийин, акыры тирүүлөй бөйрөгүн суурутуп жазалайт. Элдин айтымында бөйрөгүн сууруткандан кийин, эки колун чынжыр менен артына байлануу бойдон төргө отургузуп: «Ай баатыр! Эми дагы кантип коноктоюн?..» деп мыскылдайт Кенесары. Угушубузга караганда Кенесарынын карындашы Жаманкарага ашык болуп калат. Жаманкараны өлтүрөрдө «жүрөгүндө жалы бар экен, өлтүрбөстөн туугандашып узат, өлтүрсөңүз арты жакшылык алып келбейт» деп, зарлап ыйлаган дешет. Кыжыры келген Кенесары, Жаманкаранын экинчи капталын өз колу менен жарып, экинчи бөйрөгүн сууруп, “Эми кете бер…” деп бошотуп жиберет. Ошондо Жаманкара эч нерсе болбогондой жайбаракат туруп, кесилген эки бөйрөктүн ордуна эки колун чөнтөккө салгандай салып алып, айыл аралай басканда, алдынан жолуккандар туш-тушка бет ала качышат. Эки бөйрөгүнөн ажыраган баатыр «кыңк» этпестен, артын карап душманына сес көрсөтүп, акыр-аягына чейин кармашат. Дастанда бул көрүнүш мындайча берилет:

«Кан колун бөйрөк ченге тыгып алып,
Кадамын алга таштайт жыйнап күчтү.
Каерге жетип барып жыгылат деп,
Казактар таң калышып дагы күттү.
Керилип эки жакты карап алып,
«Күп» этип бет алдынан кулап түштү».

Көркөм чыгармада ушундай сүрөттөлгөнү менен улуулардан ооздон-оозго өтүп уламышка айланган бул турмуш чындыгы. Жаманкара баатырдын эрдиги. Кыргыз элимдин көк жал баатыры, ошондо болгону 23 гана жашта болчу.

Албетте, чоң элдин чоң тарыхы, кичине элдин өзүнө таандык чакан тарыхы болот. 1845–1847-жылдардагы казак-кыргыз согушу кыргыздар үчүн орустар Наполеонду жеңгендей эле маанилүү. Адамзат тарыхындагы болуп өткөн 15 миңдей чоң, кичине согуштардын ичинен эң натыйжалуу жеңиштердин бири болгон. Анткени кыргыздарга салыштырганда эң мыкты куралданган, согуш сырын билген тажырыйбалуу, өзүнөн беш эсе көп жоону жоготуп, тыптыйпыл кылып жеңип алышкан.

Бул согуш кыргыз элинин карт тарыхындагы берекелүү Сары-Өзөн Кең Чүйдүн аймагында болуп өткөн көп согуштардын бири. Деги эле кыргыз жерине көз арткан жат душмандар, адегенде Сары-Өзөн Кең Чүйдү басып, андан ары бүт кыргыз жерин баш ийдирүүгө максат кылышкан. Кийинки эле орто кылымдардан берки тарыхка көз салсак, 11-кылымдагы Каракандар, 13-кылымдагы Монголдор, 15-кылымдагы Жунгарлар, 18-кылымдагы Абылай хан, 19-кылымдагы Кокон хандыгы, Чанчакул Бердикожо, Кенесары хандардын кыргыз жерин басып алууга кылган аракеттери ушул Кең Чүйгө келип токтогон. Болгону Жунгарлар менен Кокондуктар Кыргызстандын туш тарабынан кол салгандыктан, Кыргызстандын башка аймактарына чейин жеткен. Байыртадан берекелүү Сары-Өзөн Кең Чүйдү жердеген Айтамгулуу Эр – Солто эли жат душманды көкүрөгү менен тосуп алып, кыргыздын колу жалпы чогулуп келгиче чеп сыяктуу өткөрбөй тосуп турушкан.

Тарыхта “Жайыл кыргын” деген ат менен калган Жайыл баатыр акыркы адамы калгыча кармашып, бир кадам артка чегинбестен душмандын колун токтотуп турган. Андан мурда канчалаган айыгышкан согуштар болуп өттү. Берекелүү Сары-Өзөн Кең Чүй аймагы эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Бул жердин ар бир ташында, ар бир сөөм жеринде атабабалардын тамган каны жатат. Бир эле мисал, Чыңгыз хан дооруна чейин Кең Чүйдө 18 чоң шаар болгон. Ал эми майда кыштактар тоо этектеп, өтө жыш жайгашкандыктан «Чалдыбардан үйдүн чатырына чыккан мышык, Боомго чейин жерге түшпөсө жетет» деп эскерип кеткен тарыхчылар. Азыркы борбор шаарыбыз Бишкектин ордунда орто кылымда «Кыргыз ата» деген шаар болгондугу белгилүү. Кийин Чыңгызхан басып келгенде бул шаар-кыштактардын бардыгы жер менен жексен болгон.

Кут-берекеси артып турган Кең Чүй кийинки эле отузунчу жылдарда боордош казак элин ачарчылык кыргынынан сактап калгандыгы баарына белгилүү. Тарыхтын тамашасын карабайсыңбы, бир кезде Абылай хан, Чанчакул Бердикожо, Кенесары хандар «кыргызды кул кылам, кыргыз деген атты жер үстүнөн жок кылам» деп чамынып келишип талкаланса, алардын урпактары ачарчылык кыргынынан ушул Кең Чүйгө келип жандарын сактап калышкан. “Таш менен урганды аш менен ур” деген макал ушундан калса керек.

Жаманкара баатырдын урпактары азыр Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылында жашап жатышат. Алардын айтымында 50–60-жылдарда эле Жаманкара баатырдын зоот-чопкуттары сарайда илинип турчу дешет.

Эң өкүнүчтүүсү, Жаманкара баатырдын өзү коргогон Ата Мекенинде анын атын эскерген бир да нерсе жок. Андыктан Алматыга кетчү жолду баатырдын атынан жана ошондой эле Ленинское айылында жайгашкан Маданият үйүнө Үй-Музейин уюштурууга, анын астына айкелин орнотууга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлөрүнө терең ишенебиз.

Калыс ИШИМКАНОВ,
КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн сыйлыгынын ээси,
КР журналисттер союзунун мүчөсү

Кадырбек ЖЕКШЕЛАЕВ,
Жаманкара Баатырдын 200 жылдыгын уюштуруучу
демилгелүү топтун мүчөсү, санжырачы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!