Бишкек шаары жыл сайын чоңоюп, жаңы үйлөр курулуп жатат. Буга бир жагынан кубансаң, бир жагынан өкүнөсүң. Чоңойгону жакшы дечи, бирок курулуп жаткан имараттардын көбү эч кандай генералдык планга баш ийбей салынууда. Чалды-куйду, туш келди курулуп бүткөндөн кийин гана документтештирип жатканы кайсы мыйзамга сыят? Бул бир жагы, ал эми экинчи жагы көчөлөргө берилген аттардын туура эместиги көңүл кейитет. Кээ бир жерлерде көчөлөрдүн аттары жазылып турат, бирок издеген үйүңдү таба албай айлаң кетет.
Бишкектеги Медеров көчөсү менен чыгыш жакка жүрүп отуруп, Аламүдүн суусу өткөн көпүрөгө жетесиң. Андан түштүктү, же тоону көздөй бурулсаң каналдын жээгинде “Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов атындагы көчө” деп атайын орнотулган тактадагы жазууга көзүң урунат. Ахунбаев көчөсү менен ушул Аламүдүн каналын жээктей Тунгучту карай жүрсөң да ар кайсы жерде “Жунай Мавлянов атындагы көчө” деп жазылган такталарды окуйсуң. Бирок, кызыгы бул кишинин атындагы көчөгө бир дагы мекеме тиешелүү эмес. Каналды бойлоп кеткен унаажолго коюлган атпы деп да ойлойсуң. Андай болсо жазуучунун ысымын ыйгарып жаткандар эмнеге таянышты экен? Ырас, 5-9 кабаттуу 18-19-20, 21, 22, 23-үйлөр ушул көчөнүн боюнда болгону менен алар борборубуздун Көк-Жар кичи районуна тиешелүү. Ал үйлөрдү издегендер Көк-Жар кичирайонунан 7ден баштап 38-үйгө чейин оңой эле таап алышат. Улуу жазуучунун атына мындай мамиле кылуу бери эле дегенде көңүл коштуктун жеткен чеги. Жунай Мавлянов өзү ким болгон?
Ал киши Улуу Ата Мекендик согушка катышып, урушта бир бутунан ажырап туулган жерине кайткан. Согушта алдырган бутуна протез койдуруп, соо кишилердей таяк таянып басып, бирок ошол буту бүктөлчү эмес. Мугалимдер институтун аяктап, адегенде катардагы мугалим, андан кийин ал кездеги Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунун борборундагы Караван мектеп интернатында көп жылдар бою директор болуп үзүрлүү эмгектенип “Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим” деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ошол 1960-жылдары калеми да төшөлүп бир нече аңгеме, повесттерди жазат. Кийинчерээк Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун сунушу менен Москвадагы М.Горкий атындагы дүйнөлүк адабий институтуна барып окуйт. Аны бүтүп келгенден кийин республиканын Жазуучулар союзунун Президиумуна шайланат. Ал кездеги Жазуучулар союзу менен Кыргызстан КП Борбордук Комитети да эсептешип турган. Анткени, Жазуучулар союзунун курамында Кыргызстанга эле эмес Союзга, дүйнөгө таанылган акын-жазуучулар Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Абдымомунов, М.Жангазиев, Т.Касымбеков, Т.Үмөталиев, Б.Сарногоев ж.б. лөктөр турушкан. “Нан” деген романы, “Жалгыз бутактуу арча” аттуу повести баштаган чыгармалары окурмандардын сүймөнчүгүнө айланып, Жунай Мавляновго сый-урмат алып келген. Ага “Кыргыз ССРинин эл жазуучусу” деген ардактуу наам берилген.
Ж.Мавлянов 1971-жылы республикалык “Мугалимдер газетасына” башкы редактор кызматына которулат да ал жерде он беш жылдан ашык эмгектенип, далай жаштарга таалим-тарбия берип уядан учурган. Алардын бири “менмин” деп сыймыктануу менен айта алам. Ал кишиден жөнөкөйлүктүн, чоң маданияттын, ички жан-дүйнөнүн соолбос азыгын алдым. Ал кишинин жетекчилиги менен Б.Исаков, С.Шатманов, О.Көчкөнов, М.Мамазаирова, Т.Муканов, Т.Нурманбетов, Т.Субанбеков, Ө.Тиллебаев, К.Сариева, сыяктуу белгилүү акын-жазуучулар, эл-мугалими, илимдин докторлору чыгышты. Ж.Мавляновдун өзүнүн демилгеси менен мен 1971-жылы СССР Журналистер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1978-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгисине ээ болдум. Газетанын нускасы 40 миңден ашып, мугалимдердин гана эмес, жөнөкөй эле окурмандардын да сүймөнчүлүгүнө айланган эле. Кандай кемчилик, жаңылыштык кетирсең да эч качан катуу айтып, көңүлүңдү оорутпай ар бир сөзүңдү уга билген мындай адамды мен чынын айтсам жолуктура элекмин. “Эл жазуучумун” деп эч качан бой көтөрбөй, жөнөкөй эле кызматкерлердин катарында жүрөр эле. 1990-жылдары да Ч.Айтматов экөө Жазуучулар союзун жетектешкен.
Улуу Ата Мекендик согушта бир бутунан ажырап аман келген киши 2003-жылы 23-октябрда унаакырсыктан каза болуп, тирүү кезинде 80 жылдыгын белгилей албай калды. Аттиң арман. Мына ушундай адамдын атын түбөлүк калтырууда Бишкек шаардык мээриясы тарабынан жогорудагыдай “эптеп кутулуу үчүн” жасалган мамиле эң биринчи Ж.Мавляновдун окуучусу, шакирти катары менин ичимди ачыштырат. Ошол эле Аламүдүн каналынын батыш тарабында Кара-Дарыя деген көчө бар. Ж.Мавляновдун атын ошол көчөгө эмне үчүн берүүгө болбосун. Мындай улуу адамдардын кадыр-баркына жетип, сыйлай албасак анда биз кимбиз деги? Ошондуктан бул ишти Бишкек шаардык мээриясы кайрадан карап көрүп, тиешелүү чечимге келерине ишеним чоң. Анткени, Ж.Мавлянов улуу урматка, сыйга татыктуу адам.
№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Жума Мамбетов,
СССРдин журналисттер союзунун мүчөсү,
билим берүүнүн, маданияттын мыкты кызматкери