"Эркин-Тоо"

Көлбаевдин алты унаасы аукциондо сатылды

Мамлекеттик мүлк фонду атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукциондо сатылганын ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, эки машине кайрадан аукционго коюлду. Алардын бири BMW ALPINA XB7 үлгүсүндөгү 2021-жылы чыккан унаа. Анын баштапкы баасы мурдагыдан 4 млн сомго арзандап, 14 млн сом деп көрсөтүлгөн. Экинчиси MERCEDEC-BENZ S600 үлгүсүндөгү автомашина, баштапкы баасы 5 млн сомго жакын.

Аукциондо сатылган автоунаалар:

  • HYUNDAI GENESIS 2019 — 3 миллион 17,4 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER PRADO 2005 — 1 миллион 498 миң сом;
  • KIA RIO X-LINE 2019 — 1 миллион 241,2 миң сом;
  • BMW X6 2021 — 7 миллион 661,2 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER 100 2002 — 1 миллион 187,7 миң сом;
  • ГАЗ-21 1965 — 481,5 миң сом.

Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!