Тажикстанда Кыргызстандан ташылып барган көмүр былтыркыга салыштырмалуу бери дегенде 30% кымбаттаганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады. Ага ылайык, учурда кыргыз көмүрүнүн бир килограмы 4 сомони 30 дирамдан сатыла баштаган. Былтыр болсо мындан бир сомониге арзан болгон. Учурда Кыргызстандан көмүр Тажикстанга Өзбекстан аркылуу ташылып жатат. «Озодинин» билдиришинче, коңшу өлкөдө өздөрүндө өндүрүлгөн көмүргө караганда Кыргызстандыкы бааланат.