"Эркин-Тоо"

Көмүр казуу иштери кызуу жүрүүдө

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Турук көмүр кениндеги көмүр казуу иши менен таанышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей учурда аталган көмүр кенинде «Ак-Талаа» мамлекеттик көмүр казуу ишканасы жана «Кенч-Строй», «Ырыс-Кен» менчик ишканалары иш алып барууда. Быйыл кыш мезгилине карата Турук көмүр кенинде аталган ишканалар тарабынан жалпы 14 миң тоннадан ашык көмүр казып алынып, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорун камсыздады.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Турук көмүр кенинде көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери, шахтёрлору жана айдоочулары менен пикир алышып, кенен баарлашты.  Айдоочулар кенде тартип маселеси жакшы жолго коюлганын билдиришип, ошону менен катар жол жана тараза көйгөйүн айтышты. Кенге барчу саздак жолго ишканалар тарабынан каражат бөлүнүп, оңдолуп-түздөлүп турганына карабай тез-тез чөгө берээри айтылды. Жетекчи бул маселелер жакын арада чечилээрин билдирди.

Быйыл кыш мезгилине облус боюнча 127 миң 715 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен 92 миң 400 тоннасын элдер, калганын бюджеттик мекемелер колдонушат. Бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелер көмүр отуну менен толук камсыздалды. Ал эми элдин 49 пайызы камсыз болушту. Облустун аймагында учурда жалпы 68 кампада көмүр сатылууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!