"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Көмүр ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Тагыраагы, Министрлер Кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мамлекеттик органдарга токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.