Кыргызстанда көмүргө максималдуу баалар белгиленди. Маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Аймактар боюнча көмүрдүн баасы өндүрүлүп чыккан жердин алыстыгына, казып алуу ыкмаларына жана сатылуучу жайларга чейин жеткирип берүүгө, ошондой эле сактоо жана сатуу шарттарына жараша белгиленди.
Учурда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн көмүр сатылууда. Казакстандын көмүрүнүн баасы ата мекендик көмүрдөн кымбат. Буга ташып жеткирүүчүлөрдүн жол акысы жана темир жол аркылуу ташуу тарифтеринин жогорулашы себеп болууда. Импорттук көмүр Бишкекте жана Чүй облусунда (жүктөп берүү акысын кошкондо) 6,2 миң сомдон сатылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгиленген баалардын колдонулушуна көзөмөл кылып, көмүр сатып иш жүргүзгөн чарбакер субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле соода эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн билдирди.