Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ал өз ишин баштады. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы комиссия Министрлер Кабинетинин тескемеси менен түзүлгөнүн билдирди. Ал шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун, ошондой эле курулуш имараттарында бетондун бекемдигин жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун текшерүүдө.