Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көрүстөндөрдө сөөк коюучу жайларды алдын ала ээлөө тартибин аныктаган токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ көмүү жайларын брондоо эрежелерин — шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун белгилейт.
Өкмөт токтомдун максаты жарандардын сөөктү кадыр-барктуу коюуга болгон укугун камсыз кылуу, санитардык, экологиялык жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алуу жана башкарууну системалаштыруу экенин белгиледи.
Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган учурда сөөк коюлуучу жайды адамдын жубайы гана алдын ала брондой алары айтылган. Баасы болсо: республикалык маанидеги шаарларда — 1000 эсептик көрсөткүч, облустук шаарларда — 750, ал эми райондук жана айыл жерлеринде — 500 эсептик көрсөткүч болуп белгиленген.
Көрүстөн жайын 10 жылга алдын ала брондоп, мөөнөтү бүткөн соң дагы ушунча убакытка узартууга мүмкүн болот.

