"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Күйүүчү майга болгон муктаждык эске алынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2026-жылга карата күйүүчү майлоочу материалдар менен камсыздоонун көлөмүн көбөйтүү менен индикативдик баланска кол коюлду.

Маалыматка ылайык, бул келишим өлкөнүн өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн.

«Биз жөнөткөн сурамдар дайыма кабыл алынып, өз убагында аткарылып келет. Мурун Россия бизге жылына 1 млн тонна күйүүчү май жеткирсе, жаңы келишимге ылайык, бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага чейин көбөйтүлдү. Россия тарап биздин сурамдарды 100 пайыз аткарып жатат», – деп белгиледи Амангелдиев.