«Күн кармаган бала» спектакли Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн «Арт-Ордо» IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган. Спектаклдин айрым бөлүгүнө байланыштуу көрүүчүлөр, социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаралган. Министр Алтынбек Максүтов «Күн кармаган бала» спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берип, сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырган.
Белгилей кетсек, спектаклди кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон. ТҮРКСОЙдун фестивалы Азербайжанда 30-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт.

