"Эркин-Тоо"

КҮТҮЛҮП ЖАТКАН СУУККА ДАЯРДЫК

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 5-январь күнү республика боюнча жылытуу мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү тапшырмасын берип, жоопкерчиликти Энергетика министри Таалайбек Ибраевге жүктөдү. Чүй электр тармактар ишканасынын абалы жана көйгөйлүү маселелерин талкуулаган жыйында Бакыт Төрөбаев өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына даяр туруу керектигин билдирди. 2023-жылга карата коюлган пландарды өз убагында аткаруу үчүн электр жабдууларын сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүү, акылдуу электр эсептегичтердин көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!