"Эркин-Тоо"

Көңүл ачуучу жайларга киргизилген айрым чектөөлөр алынды

Борбор калаадагы түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар, кафелер, караоке менен барлардын кечки саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00 чейин иштешине тыюу салган чектөө жоюлду.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда кабыл алынды.

Бирок, көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди толук сактап, кардарларды имараттын жарымына гана баткыдай кылып кабыл алуулары керек.

Эске салсак, Коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу, 17-июнь күну айрым чектөөлөр киргизилген. Маалыматка ылайык, тейлөө кызматынын өкүлдөрү буга каршы болуп шаар бийлигине кайрылышкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!