"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Көчмөндөр оюндарынын укуктары Минкабдын карамагына өткөрүлдү

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорунун укуктары мамлекетке өткөрүлдү. Долбоордун автору Асхат Акибаев тиешелүү документтерге кол коюп, укуктарды Министрлер Кабинетине тапшырды. Кол коюу аземине төрага Адылбек Касымалиев жана Акибаев Асхат Акибаевич долбоорго карата интеллектуалдык менчик укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине расмий түрдө өткөрүп берди Маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Долбоор 2008-жылы түзүлүп, 2011-жылы расмий катталган. Ошол мезгилден тартып Асхат Акибаевич I, II жана III ДКОну иштеп чыгууда жана уюштурууда методологиялык, уюштуруу жана концепциялык багытта маанилүү салым кошуп келген.

Маалыматка караганда, укуктардын Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүлүшү Көчмөндөр оюндарын туруктуу өнүктүрүп, анын эл аралык деңгээлде мамлекеттин түз көзөмөлү менен ишке ашышын шарттайт.