"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Көкөмерен дарыясына балык уулоо үчүн кеткен жаран 4 күндөн бери дайынсыз болууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, дайынсыз болуп жаткан адамды издөө иштери улантылууда.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран 19-май күнү кечинде, болжол менен саат 19:00 чамасында дарыяга балык уулоого чыгып кеткен. Кийин анын кайырмагы жээктен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу “112” кызматына билдирүү түшкөн.

ӨКМ: » 21-майда Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен издөө иштерине жалпы 45 адам тартылган. Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана 23 жергиликтүү тургун болгон. Бирок кеч киргендиктен, саат 19:45те издөө убактылуу токтотулган. Бүгүн, 22-майда, издөө иштери кайрадан башталды. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди.