Камчы Асанбектин (Көлбаев) 500 миң АКШ долларынан ашык асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө, УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкысы аныкталып, алынды.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

