"Эркин-Тоо"

Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы “Коста-Браво” эс алуу жайында ИИМдин атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Каныбек уулу Эдин кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп калып, аны куткарып калган. Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган. Сууга чөгүп бара жаткан кызды куткарып, өмүрүн сактап калган полктун кызматкерине кыздын ата-энеси терең ыраазычылык билдиришкен.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга түшүп жатып буту тырышып сүзө албай, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Адылбек уулу Адыл жана Бактыбек уулу Сыймык көрүп калышып, сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!