"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Көлдө “Мурас” ат чабыш турнири өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда Ысык-Көл облусунун Борбордук ат майданында улуттук “Мурас” ат чабыш турнири өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Ат чабыш Манас эпосундагы каармандарды жана кыргыз элинин жоокердик тарыхын чагылдыруу максатында уюштурулат. Ал саат 15:30да башталат.

Турнир концерттик программа менен коштолуп, ага Кыргызстандагы белгилүү аткаруучулардын катышары кабарланууда.