Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда саат 11:00до Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде Балдарды коргоо күнү жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу аталган музейдин маалымат кызматы билдирди.
Көргөзмөгө шаардык балдар көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын эмгектери коюлат.
«Бул жөн гана сүрөттөрдүн жыйындысы эмес. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы учурлар балдардын аруу дүйнөсү менен кандайча чагылдырылганын көрүүгө болот. Ар бир сүрөттө каармандык, бекем эрк, кайраттуулук жана жеңишке болгон чоң ишеним боёктор аркылуу берилген. Айрыкча согуш жылдарындагы балдардын жашоосу балдар аркылуу чагылдырылып, көргөзмөгө бөтөнчө жандуулук берип турат», – деп билдирди уюштуруучулар.

