"Эркин-Тоо"
Саясат

К.Ташиев сот системасынын өкүлдөрүнө жана прокурорлорго каршы митингчилер менен жолугушту

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, 24-майда митингтин катышучулары жана уютуруучусу Мухтар Шарипов КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жолугушуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери жүрүп жаткандыгы, ошондой эле адвокаттардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө өз билдирүүлөрүн айтышты. Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев митингчилердин бардык катышучуларына, Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде каралаарын айтты.