Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы мусулмандардын эң ыйык жайы — Кааба жаңы жабуу менен капталды. Бул ыйык салт жыл сайын ислам календары боюнча Мухаррам айынын (Ислам жыл санагы боюнча биринчи ай) биринчи күнү аткарылат.
Жаңы жабууну орнотуу ишине атайын даярдалган 150дөн ашык адис катышып, эски жабуу кылдаттык менен алынып, анын ордуна алтын жип менен Куран аяттары жазылган жаңы кара жабуу жабылды.
Кааба тууралуу кыскача маалымат:
Кааба (арабча الكعبة — “куб” дегенди билдирет) — Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы Ыйык мечиттин (аль-Харам) короосунда жайгашкан, мусулман дүйнөсүнүн эң ыйык жайы. Анын узундугу 13 метр, туурасы 12 метр, бийиктиги 15 метр. Пайдубалы мармардан, дубалдары боз таштан тургузулган.