"Эркин-Тоо"
Иш-жума

КААЛОО БОЛСО ШАРТ ДА БАР

Араб инвесторлору Кыргызстанда тоокен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар. Бул багыттагы маселелер Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен «Аль Саех Групп» корпорациясынын өкүлү Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясы менен жолугушууда талкууланды. Араб делегациясынын мүчөлөрү кызыкдар болгон бардык чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришип, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды сунушташты. Акылбек Жапаров инвесторлорго бардык шарттар түзүлөөрүнө ишендирди.

Бегим ТУРДАЛИЕВА