"Эркин-Тоо"

Кадамжай районуна жаңы аким дайындалды

Баяке уулу Болоткан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, 30 жаштагы Баяке уулу Болоткан эки күн мурун  кызматтан алынган Кутпидин Шакировдин ордуна  келди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!