"Эркин-Тоо"

Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кеткен

2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.
Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!