Баткен облусунун Кадамжай районунун эң ири айыл аймактарынын бири Ак-Турпак бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, бир катар ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактын жалпы калкы 19 миңден ашуун адамды түзүп, 3500дөн көбүрөөк кожолук жашайт. Санарип тутумуна 16 миңден ашык тургун катталып, айыл чарба, социалдык колдоо жана экологиялык иштер активдүү жүрүүдө.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жеенбек Маканбаевдин айтымында, акыркы убакта бир топ ишкер шалы кургатуучу цехтерди куруп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошууда. Алсак, салык боюнча бекитилген план 34656,0 сом, аткарылганы 26886,3 сом болуп, жыл соңуна чейин планды толтуруунун үстүндө иштеп жатышат. 2025-жылга берилген квотага ылайык 68 үй-бүлө социалдык келишим алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Турак жайларды камсыздандыруу боюнча 715 үй, 2 мектеп, 2 бала бакча, айыл өкмөтүнүн 5 техникасы камсыздандырылып, 2025-жылы ижарага тоорук аркылуу 71,0 га жер аянты берилген. Айыл аймактагы мал-жандыктар арасында “Шарп”, “Эмкар”, “Оспа”, “Чума” сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөөлөр ветеринардык врачтар тарабынан жыл ичинде 2 жолу жүргүзүлүп турат. Аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, багуучусун жоготкон жарандарга айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан жалпы 280 000 сом материалдык колдоо көрсөтүлгөн. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан социалдык келишим алган 14 үй-бүлөгө 79 800 сомго азык-түлүк берилген.
“Жашыл Мурас” компаниясынын алкагында 700 даана ийне жалбырактуу бак-дарактардын түрү Миң-Чынар, Жаңы-Жер, Жаш-Тилек, Өрүк-Зар, Өтүкчү, Кызыл-Коргон айылдарынын жолдоруна, мекеме-ишканаларга отургузулуп, жашылдандыруу жумуштары аткарылган. Ошондой эле аймак башчысы Жеенбек Абдирасулович менен болгон маекте, аймакта дагы бир топ жетишкендиктер жүрүп жаткандыгын билдик.
— Жеенбек Абдирасилович, аймактагы билим берүү мекемелерине кандай көңүл бурулууда?
— Миң-Чынар айылынын А.Төралиев атындагы жалпы билим берүү мектебине ашкана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантынан 4 656 890 млн сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө 50% жумуш аткарылды.
Өрүк-Зар айылындагы “Алихан-Өрүкзар” балдар бакчасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ага жергиликтүү бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантынан 4 182 942 млн сом бөлүнүп, жумуш 100% бүткөрүлдү.
Жаңы-Жер айылындагы бала бакчанын имараты (эски жатак интернат) капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 2 475 072 млн сом бөлүнүп, жумуштун 100% аяктады.
Жетиген айылына 500 орундуу мектеп куруу үчүн долбоор даярдалып, сметасы 2 000 000 млн сом деп бекитилүүдө. Ал эми Кызыл-Коргон айылында орто мектептин полун алмаштырууга 97 миң 500 сом сарпталып, жумуш толугу менен бүттү.
— Таза суу маселеси аймактарда курч боюнча калууда. Сиздерде бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?
— Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук, Өтүкчү, Ак-Турпак,Чоң-Кара,Чогорок, Калача айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Тунук Суу” долбоорун аткаруу иши 2026-жылга калтырылды. Калган Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек, Жетиген, Келечек, Өрүк-Зар айылдарында таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6 даана скважина казууга архитектуралык техникалык корутундулар даярдалып, “Ошгидрогеологиялык партия” түштүк аймактык ишканасы менен суунун көлөмүн аныктоо үчүн келишим түзүлүп, долбоордун иш кагаздары даярдалууда.
— Аймактарда ирригациялык иштер акыркы жылдары жакшы жүргүзүлүүдө. Бул боюнча да айтып кетсеңиз?
— Дюкер участкасына 55 кожолукту суу менен камсыз кылуу максатында узундугу 1,5 км болгон каналды куруу жумуштары башталды. Ошондой эле Миң-Чынар айылында узундугу 1500 м аралыктагы ички арыктар бетондолуп, Ак-Турпак айылына сел суулары өтүүчү узундугу 810 м болгон канал курулду. Бул жумуштар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, аткарылган жумуштун наркы 28 160 000 сомду түздү.
— Инфраструктураны өнүктүрүү багытында да аймактар бир топ өнүгүп жатат. Бул багыттагы жетишкендиктерге токтолуп өтсөңүз.
— Миң-Чынар айылынын ички жолдорун асфальттоо боюнча элдин салымы менен жалпы суммасы 1 985 000 сомго узундугу 3 км болгон жолго шагыл төгүлүп, тегизделип, суу өтүүчү арыктарга трубалар коюлуп, асфальт төшөөгө даярдалды. Ушул эле айылда 1500 м арык бетондолуп, суу чарба ишканасы тарабынан 370 000 миң сом жумшалып, жумуштун 90% аяктады.
Кызыл-Коргон айылына милиция бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн көзөмөл-таяныч пункту курулуп, Ички иштер министрлиги тарабынан 20 000 000 сомго каржыланды.
Сары-Камыш айылына электр энергиясын тартуу жумуштарына 3 556 300 сом жергиликтүү бюджеттен тартылса, андан сырткары, Жаңы-Жер жана Ак-Турпак айылдарынын башкы планы даярдалды. Жаңы-Жер айылына Москва шаарында эмгектенген мекендештерибиздин колдоосу менен 400 миң сом каражат чогултулуп, Бүргөндү каналына эл жайканага өтүүчү чоң канал курулду.
Жаңы-Жер айылындагы Молдо Нияз, Ынтымак жана Аргымак дыйкан чарбаларына баруучу талаа жолдоруна ашар жолу менен шагыл төшөлүп, жол тегизделди. Ушундай эле жол менен Жетиген айылына да эл өтүүчү чоң көпүрө курулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен Ак-Турпак айылында 810 м канал курулуп, табигый кырсыктардан коргонууга 28 000 160 сом жумшалды.
— Жеенбек Абдирасулович, аймактарды өнүктүрүүдө инвестициянын ролу чоң эмеспи. Бул жаатта кандай инвестициялар тартылууда?
— Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 2025-жылдын 9 айында ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү жогорку деңгээлге жетип, жалпысынан 189 559 258 сомдук каражат жумшалып, айыл аймагынын инфраструктурасы, билим берүү, саламаттык сактоо жана айыл чарба тармактары өнүгүүгө багыт алды. Инвестициялардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталып, долбоорлордун 90%дан ашыгы толугу менен ишке ашырылды.
Айыл өкмөтүнүн өз бюджетинин эсебинен 14 869 910 сом жумшалып, бул каражатка айылдарда бир катар маанилүү объектилер курулуп, оңдолду. Айта кетсек, Өтүкчү айылында кичи футбол аянтчасы курулуп, жаштардын спорт менен машыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга 1 100 455 сом жумшалып, жумуштун 95% аткарылды. Аялдардын саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулуп, Миң-Чынар жана Жаңы-Жер айылдарында фитнес клубдар жана воркаут аянтчалары ачылып, жалпы 477 000 сом жумшалды.

Мындан тышкары, айылдардын генпландары даярдалды, балдар бакчалары оңдолду жана милициянын аймактык бөлүмүнө заманбап жабдуулар (боди-камера жана планшет) алынды.
АРИС уюму тарабынан Дюкер участкасында 5 544 000 сомго күрүчтү кайра иштетүүчү комплекс курулуп, айыл чарба өндүрүшү өсүүдө. Эң чоң салымды ишкерлер жана элдик ашар жолу менен аткарылган жумуштар түзүп, ал 116 525 000 сомго аткарылды. Бул каражатка асфальт заводдору, акжубаз, пеноблок цехтери, чайканалар, дүкөндөр жана шалы кургатуучу цехтер курулду. Мисалы «Мурзакарим” ЖЧКсы асфальт заводу жана Акжубаз курулуп, жергиликтүү өндүрүштү жандантып, ага 48 400 000 сом бөлүнгөн.
Ишкер С. Шерматов пено-блок цехин жана чайкана ачып, 4 500 000 сом жумшады. «Ак-Турпак Груп» ишканасы күрүч таңгактоочу жабдуу, трактор жана комбайндарды алып, ага 16 510 000 сом каражат жумшады.
Андан сырткары аймакта ондогон ишкерлер жалпы 12 000 000 сомго шалы кургатуучу цех курушуп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп жатышат. Элдик ашар жолу менен көпүрөлөр, жолдор жана каналдар курулуп, айылдардын инфраструктурасы жакшыртылды. Бул инвестициялар жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен гана эмес, элдин биримдигинин күчү менен ишке ашууда.
Ошондой эле “Мурзакарим” ЖЧКсы тарабынан Газ участкасына 35 200 000 сомго асфальт заводу, ушул эле ишкана тарабынан ошол эле жерге заманбап Акжубаз 13 200 000 сомго курулду. Жаңы-Жер айылында ишкер С.Шерматов 3 000 000 сомго пеноблок чыгаруучу цех жана 1 500 000 сомго чайкана куруп, ишке берди. Ош–Раззаков жолунун жээгине Жабор аттуу ишкер мөмө-жемиш сактоочу муздаткычты 10 000 000 сомго куруп, анын 60% жумушу бүтүп калды. Ак-Турпак айылынын тургундары А.Жарматов менен Д.Таабалдиевдер ар бири 2 500 000 сомго Беларус-892.2 МТЗ техникасын алышса, “Ак-Турпак Груп” ишканасына 2 трактор, 1 комбайн, 2 жүк ташуучу авто, күрүч таңгактоочу жабдуулар алынды. Жаңы-Жер айылында ишкер У.Хакулов жүгөрү тартуучу тегирменди 500 000 сомго алып, иштетип жатат.
Албетте, бул иштердин баары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнүн жаркын мисалы. Жалпы инвестициянын 100%га жакыны ишке ашырылып, айыл тургундарынын жашоо деңгээли көтөрүлдү. Аймагыбыз алдыда бул сыяктуу долбоорлорду улантууну пландаштырууда. Келечекте бул сыяктуу иштер экономикабыздын өсүшүнө салым кошуп, жергиликтүү тургундарга дем-күч болот демекчибиз.
Сүрөттөрдө аймакта жасалып жаткан иш-аракеттер
Кенже Осмоналиева

