"Эркин-Тоо"

Кадамжайда жарандарга кылмыштуулуктан алыс болуулары эскертилди

2023-жылдын 25-26-январь күндөрү Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чарасы өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери Ак-Турпак айыл аймагынын Торговый базарын дагы кыдырышып, сатуучуларга карата 4 протокол түзүштү. Андан сырткары, мурда соттолуп, каттоодо турушкан 9 жаранга кылмыштуулукка барбоолору эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактарды жана мал базарды, жайма базарларды кыдырышып, уурулукту, мал уурулукту жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча жарандарга эскертүүлөрдү беришти. Ал эми, соода-сатык менен алектенген жарандарга уурулукту алдын алуу боюнча 11 эскертүү актыларын толтуруп, бир катар кеңештерди беришти.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!