"Эркин-Тоо"

«Кадастр» мекемесинин дагы бир кызматкери кармалды

Кадастр» мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылган.

Белгилей кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери «Б.Б» жана «Ш.С.», Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы «И.Г.», Нариман айыл аймагынын башчысы «Н.Х.», коррупциялык топтун мүчөсү «Н.Х.» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы «А.М.Ж.» кармалышып УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!