"Эркин-Тоо"

«Кадастр» мекемесинин директору кармалды

Баасы 115 млн 632 миң сомду түзгөн 33,8 гектар жерге 39 мамлекеттик актыны мыйзамсыз берген Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Атай айтсак, жер тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын иликтөөдө, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок «Кадастры» тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилгени ачыкка чыккан. Аталган фактыларды текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Чүй токой чарбасынын кызматкерлерине, 1992, 1996, 1999, 2006-жылдарында «Көл-Төр» багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин жасалма протоколдорун пайдалануу менен Кегети «Көл-Төр-1» токойчулугунун жана Токмок «Көл-Төр-2» токойчулугунун аймагында жайгашкан дача тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы далилденген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!