"Эркин-Тоо"

КАЙДА КАРАП ОТУРУШКАН?

Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 6 жаштагы кыз каза болду. Кызды дээрлик эс-учун жоготкон абалда Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 14-январда алып келишкен. Ал ошол бойдон өзүнө келе албай 15-январда каза болуптур. Маалымат берген дарыгерлер 6 жаштагы кыз 12 килограмм салмакта болгондугун айтышты. Саламаттык сактоо министрлиги бейтап ооруканага бронхопневмония, сепсис, диабеттик кетоацидоз жана курч ичегикарын инфекциясы деген диагнозу менен түшкөндүгүн жана көп убакытка чейин тамактанбай жүрүп, организмде суунун жетишсиздиги пайда болгонун маалымдады.

Кыз көп балалуу үй-бүлөдөн болот. Атасы, апасы мигрант экен. Анда алардын ушундай абалга түшкөнүн билген кошуна-колоңу, туугантуушкандары, социалдык жактан коргоо органдары кайда карап отурушкан деген суроо туулбай койбойт. Бул боюнча укук коргоо органдары да текшерүү иштерин жүргүзүп, маалымат берерин айтышты.

Биз материалды басууга берип жатканда Кара-Балта шаардык мэриясы каза болгон кыз үйдүн эң кичүүсү болгондугун, ата-энесин сагынып, куса болуп тамак ичпей калгандыгын, андан кийин апасын чакыртышып, ал ушул жылдын январь айынын башында келип, кайра Россияга кеткендиги тууралуу маалымат беришти. Бул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган. Мигрант ата-эне балдарын таекесинин колуна таштап кеткен. 2022-жылдын декабрь айында үйбүлөгө мэриядан көмүргө 5 миң сом, 50 килограмм ун жана башка азык-түлүктөр берилген экен. Албетте жардам жакшы, бирок баланын ден соолугуна эч ким көңүл бурбаганы өкүнүчтүү.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!