"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кылмыш

Кайгуул кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 15-февралында кайгуул кызматкерлери баңгизат колдонгон айдоочуну кармашкан. Бирок мыйзамда каралгандай аны унаа башкаруудан четтетүү же унааны айып короого токтотуу чаралары көрүлгөн эмес. Анын ордуна милиция кызматкерлери айдоочудан 34 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, анын бир бөлүгүн өздүк банк эсебине которушкан.

Натыйжада, ошол эле айдоочу 17-февралда мас абалда унаа айдап бара жатып кайрадан кармалып, бул жолу гана унаа айып короого киргизилген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара алуу») боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.