"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн, 29-декабрда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милициясына Президенттин атынан «Changan» үлгүсүндөгү 5 кызматтык автоунаа берилди. Унаалардын ачкычтарын шаар мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырды.

Иш-чара укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосунун алкагында өтүп, ага шаар жетекчилиги, Президенттин облустагы өкүлү, ИИМдин өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Маалыматка ылайык, мындан мурда да кайгуул кызматына жана милиция бөлүмдөрүнө бир нече кызматтык унаалар берилген.