Жашоодо баары сага каршы чыгып, маанай такыр эле көтөрүлбөй калган учурлар баарында эле болсо керек. Мындай кыйың кезеңдерден айрымдар тез эле чыгып кетишет. Ал эми кайгынын туткунунда калгандарга психологдор төмөнкүдөй кеңештерди беришет.
1.Кайгыга бат алдырып, депрессиялык абалга кептелгендерге психологдор жакын жүргөн чөйрөнү алмаштырууну сунушташат. Асанкайгылардын жанында күлүп жүргөн, ийгиликке жетүүнүн сырын билгендер жүрүшү зарылчылык.
2. Сүйүү арноо. Сезимдерге март болуңуз. Бирөөгө жакшы сөздөрдү арнап, жакшылык кылуу маанайды көтөрөт. Эч ким менен иши жоктун кайгысы башынан ашып түшөт.
3. Жакшы ойлорду ойлоңуз. Дайыма жакшы ниет менен жашап, бардыгы жакшы болоорунан үмүт үзбөңүз.
4. Интернетти көп колдонгон адамдар жашоосунда кайгы капа тууралуу көп ойлонушарын психологдор аныктап чыгышыптыр. Кечке телефон чукуп башка бирөөнүн турмушуна кызыгып олтуруу максаттарга жетүүгө тоскоолдук жаратат.
5. Жаныңызда ийгиликтүү адамдар жүргөн убакта алардын жакшы жашоосуна көз артып, кара өзгөйлүк кыла көрбөңүз. Болгону алардын ийгилигине жетүү сырларын үйрөнүп, алдыга умтулуу керек. Бир жерде олтурбай мүнөт, секундаларды пайдаланга аракет кылыңыз.
6. Оптимисттерде бир күн да текке кетпейт. Алар ар бир мүнөттү максаттуу пайдаланышат. Бир жерде олтуруп калуу максаттардан алыстатат. Кайгыга чөмүлүп олтурган кезде жок дегенде бетке массаж жасап олтуруу керек.
7. Көп ойлонууга болбойт. Боло турган нерсени эч ким токтото албайт. Болгону абалдан чыгуунун жолун издөө мааниге ээ. Адам кайгы менен бир эле күн уктап, эртеси күнү чачын тарап, жуунуп, жумушун улантышы керек. Эртен менен туруп башты жуугандардын көбү оптимист болушат.
8. Кайгыдан позитив жасаганды үйрөнүү зарыл. Мисалы, ошол кайгы болбосо, сиз жашоодон сабак алмак эмессиз. Кайгы сизди акылдан ажыратпасын.
9. Абалга, кайгыга эмес, алардан чыгуунун жолуна байланыңыз. Абалдан чыгуунун жолун издеген адамдар гана ийгиликке жетишишет.
10. Жакшы күндөрдү эстеңиз. Сүрөттөрдү көрүп, жаштык кездеги жолугушууларды эстеген адамдар кайгыдан бат арылышат. Кайгыга чөгүп турганда көп жылдардан бери көрө элек достор менен жолугуп туруу жакшы сезимдерди тартуулайт.